Үч-Терек жана Бирлик айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо дайындалды

17 февраля 2016

Бүгүн, 17-февралда БШКнын отурумунда Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Үч-Терек жана  Баткен облусунун Кадамжай районунун Бирлик айыл өкмөттөрүнүн башчыларын  шайлоо дайындалды. Шайлоо 2016-жылдын 5-мартында саат   9-00дөн 12-00гө чейин өткөрүлөт.   

Мындан сырткары, БШК мүчөлөрү Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттыгына талапкерлерге бош калган депутаттык мандаттарды өткөрүп берүү жөнүндөгү айрым аймактык шайлоо комиссиялардын чечимдерин бекитишти.