Башкы Жаңылыктар 15-августтун саат 20.00 карата Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат …

15-августтун саат 20.00 карата Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерликке көрсөтүү ниети жөнүндө 81 талапкер арыз беришти, алардын 65 – өзүн-өзү көрсөткөндөр

15-Авг, 2011

2011-жылдын 15-августунда КР Борбордук шайлоо комиссиясына КР Президентинин кызмат ордуна талапкерликке көрсөтүү ниети жөнүндө өзүн-өзү көрсөткөн Кудабаев Зарылбек, 1953-ж.т., экономика илимдеринин доктору, Борбордук Азиядагы Америкалык Университетинин профессору; Парманов Алмаз, 1973-ж.т., убактылуу иштебейт; Абылов Мамбетжунус, 1954-ж.т., экономика илимдеринин кандидаты, убактылуу иштебейт; Байболов Кубатбек, 1952-ж.т., убактылуу иштебейт; Алымкулов Нурлан, 1959 ж.т., убактылуу иштебейт; Керимбеков Бакыт 1961-ж.т., “Элдик демилге борбору” коомдук бирикмесинин Президенти арыз менен кайрылышты.

Натыйжада, 2011-жылдын 15-августунун саат 20.00 карата КР Президентинин кызмат ордуна 81 талапкер көрсөтүлдү, анын 16ы саясий партиялардан, 65и өзүн- өзү көрсөткөндөр.

Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерди көрсөтүү 2011-жылдын 15-августунда саат 00-00дө аяктайт.

Төмөндө КР Президентинин кызмат ордуна талапкерликке мурда арыз бергендердин тизмеси: Карабаева Айсалкын, 1966-ж.т., Ош шаарынын жеке адвокаты;  Токтогазиев Таалайбек,  1974-ж.т., убактылуу иштебейт; Осоев Арстанбек, 1947-ж.т., пенсионер; Садыков Айбек, 1966-ж.т., убактылуу иштебейт; Салморбек Дыйканов, 1953-ж.т., физика-математика илимдеринин кандидаты, И.Аравбаев ат. Кыргыз мамлекеттик университенин политология кафедрасынын докторанты; Калыбек Арабаев, 1942-ж.т., “Чолок-Туума” дыйкан чарбасы жана Асыл-тукум кой өстүрүү чарбасынын жетекчиси; Төлөнбай Калбаев, 1955-ж.т., Ош шаардык «Көрктөндүрүү» КУнун президенти, «Республика» саясий партиясынын мүчөсү; Жамбылбек Камчиев, 1954-ж.т., аймактардагы таланттарды колдоо үчүн «Куудул-Аралаш» коомдук фондусунун президенти, «Асаба» саясий партиясынын мүчөсү; Кубанычбек Апасов, 1950-ж.т., А.Н.Бакулев атындагы жүрөк-кан тамыр хирургиясынын Илимий борборунун РАМН (Москва ш.) жетектөөчү илимий кызматкери, «Эл Журт» саясий партиясынын төрагасы; Куттубек Асылбеков, 1957-ж.т., «Манас Дүйнөсү» газетасынын редактору; Борончу Кудайбергенов 1966-ж.т., «Азия Рекордс»  башкы директору; Төлөн Дыйканбаев, 1950-ж.т., «Пенитенциарный» КФдун негиздөөчүсү; Нишанбай Сулайманкулов, 1947-ж.т., отставкадагы полковник; Игорь Трофимов, 1975-ж.т., «Правозащитный центр им.Сергия Радонежского и Манаса Великодушного» ЖЧКнын башкы директору; Гайша Ибрагимова, 1951-ж.т., «Илим» билим берүү комплексинин директору, “Билим берүү мекемелеринин Союзунун” Президенти; Аскарбек Абышев, 1964 - ж.т, “Кыргызспецэкспорт” ЖЧКнын башкы директору жана Уланбек Сооданбеков1973-ж.т, убактылуу иштебейт; Мурат Боромбаев, 1958-ж.т., орус тили жана адабияты мугалими, Марат Султанов, 1960-ж.т., КР Жогорку Кеңешинин депутаты; Роман Оморов, 1950-ж.т., техника илимдердин доктору, КР Улуттук Академиясынын Техпаркынын директору, КР Улуттук илимдер Академиясынын “Башкаруу системасынын синергетика жана сызыксыз динамика” лабораториясынын башчысы, Баласагын атындагы КМУнун “Инноватика жана инновациялык иштер” кафедрасынын профессору; Бийназар Бердикеев, 1956-ж.т., “Энергоспецмонтажстройиндустрия” ЖЧК президенти; Кубанычбек Исабеков, 1957-ж.т., “Нарын” Кыргыз-Германиялык ЖЧК генералдык директору; Мадияр Кулуев, 1966-ж.т, Бишкек ш. Октябрь районун ИИБ башчысы, милициянын полковниги; Жумабек Токтогазиев,  1958-ж.т.,  «Шатен» курулуш фирмасынын директору; Полотбек Кенжекулов,  1951-ж.т., убактылуу иштебейт; Сейтек Байгуттиев, 1965-ж.т., «Толубай» ЖАК АКБ директорлор Кеңешинин мүчөсү; Жусупжан Пиримбаев, 1954-ж.т., “Реформа” журналынын башкы редактору, “Манас” КТУ экономика кафедрасынын башчысы, экономика илимдеринин кандидаты; Марат Иманкулов, 1960-ж.т., КР улуттук коопсуздук Мамлекеттик комитетинин биринчи орун басары, КР УКМКнын Терроризимге каршы борборунун директору; Калмамат Мактымбаев, 1952-ж.т., Камбар-Ата-2 ГЭСинин мастери; Төрөбай Колубаев, 1969-ж.т, убактылуу иштебейт; Алманбет Матубраимов, 1952–ж.т., техника илимдеринин кандидаты, “Чүйэлектро” ЖЧКсынын директорунун кеңешчиси, “Кыргыз Эл Биримдиги” КУ төрагасы; Өмүрбүбү Бегалиева, 1962 –ж.т., “Нусуп аталык” коомдук фондусунун төрайымы, “Силани” ЖЧКнын директору, “Саруу” КУнун төрайымы, Кыргыз Республикасынын жазуучулар союзунун мүчөсү, “Кыргыз эл биримдиги” КУнун мүчөсү; Жумабек Исаев, 1962-ж.т., убактылуу иштебейт; Жаныш Рустенбеков, 1946-ж.т., Кыргыз Республикасынын Казакстан Республикасындагы Атайын жана Толук ыйгарым укуктуу элчиси; Муканбайжан Айманбаев, 1956–ж.т., убактылуу иштебейт; Качкынбай Кадыркулов, 1955–ж.т., “Айылдык кеңеш кызматы” коомдук фондунун координатору; Сооронбай Дыйканов, 1969 – ж.т. “Кара –Балта спирт заводу” мамлекеттик ишканасынын директору; Оомат Казакбаев, 1959 –ж.т. убактылуу иштебейт; Назарбек Нышанов, 1961 – ж.т., “Лига –Антикризис” КУ президенти, Кыргызстандын патриоттук партиясынын Генералдык катчысы; Ырыскелди Ыбышев, 1952-ж.т., “Перинур” газетасынын баш редактору, Кыргызстан коммунистеринин партиясынын мүчөсү; Виктор Виноградов, 1954 –ж.т., “KGinform. com” маалыматтык порталынын баш редактору; Акылбек Жапаров, 1964-ж.т., Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине “Ар-Намыс” саясий партиясынан депутат, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин бюджет жана каржы боюнча Комитетинин төрагасы, экономика илимдеринин доктору, РАЕН академиги; Жаныбек Сүйналиев, 1955–ж.т., жумушсуз; Акбаралы Айтикеев, 1958–ж.т., КМШ, Балтика жана Чыгыш Европа (МКПП) өлкөлөрүнүн, 22 (жыйырма эки) мамлекеттин (Москва шаары, Россия Федерациясы) эл аралык өнөржайчылар жана ишкерлер Конгрессинин Вице – Президенти, “Кыргыз Республикасынын өнөр –жай, айыл-чарба кызматкерлеринин жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрүнүн кызыкчылыктарын коргоо Партиясы” саясий партиясынын төрагасы, 2005 жана 2009 – жылдарда Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкер; Өмүрбек Бөлтүрүков, 1955-ж.т., “Бөлтүрүк” Дыйкан чарбасынын директору; Асида Иманалиева, 1968–ж.т., убактылуу иштебейт; Сазыкбай Турдумалиев 1954-ж.т., “Центр комплексного снабжения” ЖЧК генералдык директору, “Улутман” Республикалык партиясы” саясий партиясынын төрагасы; Алмазбек Каримов, 1972-ж.т., “ЮТС-Медиа” генералдык директору; Өмүрбек Суваналиев, 1960-ж.т., милициянын отставкадагы генерал-майору; Дамира Токтосунова, 1961-ж.т., убактылуу иштебейт; Сайнидин Султанидинов, 1955-ж.т., Латвия Республикасынын “Маро” фирмасынын Бишкектеги өкүлчүлүгүнүн жетекчиси; Эрнис Айтымбетов, 1964-ж.т., КР Президентинин иш Башкармалыгынын ички аудит бөлүмүнүн референти; Өмүрбек Эгембердиев, 1956-ж.т., “Инсанат” эл аралык фондунун президенти; Улугбек Бабакулов, 1971-ж.т., “МК Азия” газетасынын башкы редактору; Темиркул Өмүралиев, 1960-ж.т., убактылуу иштебейт; Болотбек Казакбаев, 1957-ж.т., КР Коргоо министрлигинин отставкадагы полковниги; Нурлан Мотуев, 1969-ж.т., “Азамат Компани” ЖЧКнын Генералдык директору; Курманбек Осмонов, 1953-ж.т., Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, “Ата-Журт” саясий партиясынын мүчөсү; Жылдызбек Стамбаев, 1971-ж.т., убактылуу иштебейт; Тургунбек Нарикеев, 1961-ж.т., убактылуу иштебейт.

Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна саясий партиялардан төмөнкү талапкерлер көрсөтүлгөн:  Нариман Тулеев, 1963-ж.т. (“7-апрель Жаштар кыймылы” саясий партиясы),  Шамшыбек Медетбеков, 1963-ж.т. (“Эл бийлиги” партиясы), Токтайым Уметалиева, 1962-ж.т., (“Жашасын Кыргызстан”),  Алмазбек Атамбаев, 1956-ж.т., (“Кыргызстан социал-демократтар партиясы”); Жанторо Сатыбалдиев, 1956-ж.т., («Бакубат Кыргызстан» саясий партиясы); Анарбек Калматов, 1963-ж.т., (“Ар-Намыс” саясий партиясы); Темирбек Асанбеков,  1966-Анарбек Калматов ж.т., (“Ар-Намыс”); Темирбек Асанбеков, 1966-ж.т., (“Мекен ынтымагы” саясий партиясы), Арсланбек Малиев, 1957-ж.т. (“Аалам-партияда жоктордун партиясы”); Өмүрбек Текебаев, 1958–ж.т., (“Ата- Мекен” партиясы), Турсунбай Бакир уулу, 1958–ж.т., (“Эркин Кыргызстан”), Замирбек Парманкулов, 1971–ж.т., (“Кыргызстандын жумушчу партиясы” ),  Исхак Масалиев (Кыргызстан коммунистеринин партиясы), Камчыбек Ташиев (“Ата –Журт”), Адахан Мадумаров (“Бүтүн Кыргызстан” – (“Единый Кыргызстан”), Эркин Булекбаев (“Кыргызстандын жашылдар партиясы”), Арстанбек Абдылдаев (“Эл үчүн” (“За народ”).

Талапкерлерди каттоо 2011–жылдын 25 -сентябрында аяктайт. Ушул күндөн тартып, талапкерлердин шайлоо алдындагы үгүт иштери башталат жана ал 2011 –жылдын 29–октябрында аяктайт. КР Президентин шайлоо 2011-жылдын 30-октябрына дайындалган. 

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын Басма сөз кызматы

 

 

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады
09-Окт, 2026

КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Сейтек Жумакадыр уулу менен жолугушту.Жолугушууга ошондой эле КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР ТИМинин Консулдук департаментинин кызматкерлери жана БШК аппаратынын кызматкерлери катышты.2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдыктын алкагында чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу маселелери талкууланды.Өзгөчө көңүл КР БШК менен КР ТИМинин чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторун түзүү жана аларды оптималдаштыруу, добуш берүүнү уюштуруу жана шайлоо участокторун техникалык жактан жабдуу, ошондой эле чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргызстандын жарандарын алдыдагы шайлоого катышуу тартиби жөнүндө маалымдоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүүсүнө бурулду.
Кененирээк билүү >>
Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди
09-Окт, 2026

Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйынында КР БШКнын 2025-жылдын 3-июлундагы № 33 “Кыргыз Республикасынын Баткен, Ош, Жалал-Абад, Талас, Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин аймактарындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди.Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 1-августундагы № 54 “Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын аймагындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди. Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын сунушуна ылайык, аталган токтом долбоорлорун кабыл алуунун негизги зарылчылыгы - көчө аталыштарынын өзгөрүшү, ошондой эле даректерди өзгөртүү аркылуу шайлоочулардын добуш берүүсү үчүн заманбап жана ыңгайлуу шарттарды түзүү болуп саналат.
Кененирээк билүү >>
Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди
09-Окт, 2026

Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум боюнча борбордук комиссиясы өз жыйынында “Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы” автоматташтырылган маалыматтык тутуму жөнүндө жобону бекитти. Жобо аталган тутумдун укуктук статусун, иштөө тартибин, ошондой эле анын катышуучуларынын укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчилигин аныктайт.Жаңы тутумдун алкагында майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктарын бирдиктүү эсепке алуу жана дайындарды борборлоштурулган базага топтоо автоматташтырылат. “Түндүк” системасы аркылуу Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү камсыздалат. Ошондой эле шайлоо участокторунда жеткиликтүү инфратүзүмдүн абалын – пандустарды, Брайль ариби менен даярдалган материалдарды жана башка шарттарды - мониторинг жүргүзүү жана пландаштыруу мүмкүнчүлүгү кеңейтилет. Дайындарды иштетүү Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин талаптарына ылайык, жеке дайындардын купуялуулугун жана тутумдун санариптик туруктуулугун камсыз кылуу менен жүргүзүлөт.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
09-Окт, 2026

КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 9-октябрда өз жыйынында Жайыл, Сокулук, Өзгөн, Ноокат, Сузак, Чаткал жана Айтматов аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.   Жайыл районунун Ак-Башат айылдык кеңешинин депутаты Таштанбеков Кайрат Таштанбековичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Кадыркулов Данияр Асылбековичке өткөрүлүп берилди; *  Сокулук районунун Гавриловка айылдык кеңешинин депутаты Кубанычбекова Гүлүкан Кубанычбековнанын ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Мырсаканова Астра Шадыбековнага өткөрүлүп берилди;   •  Сокулук районунун Гавриловка айылдык кеңешинин депутаты Артыкбек уулу Нуртилектин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Абдыкулов Таалайбек Асаналиевичке өткөрүлүп берилди; * Өзгөн шаардык кеңешинин депутаты Ураимова Махаёохон Махамаджановнанын (“Жаңы Кыргызстан” депутаттык фракциясынан) ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Усманова Екутхан Халдаралиевнага (“Жаңы Кыргызстан” саясий партиясынан)  өткөрүлүп берилди;* Өзгөн районунун Жалпак-Таш айылдык кеңешинин депутаты Калдыбаев Адилбек Арзыматовичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулду;* Ноокат районунун Зулпуев айылдык кеңешинин депутаты Абдикеримов Үсөн Аскарбековичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулду; * Сузак районунун Көк-Арт айылдык кеңешинин депутаты Малашев Кубанычбек Сатыбалдиевичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Орунбекова Айымкан Кадыралиевнага  өткөрүлүп берилди;   * Чаткал районунун Терек-Сай айылдык кеңешинин депутаты Куниева Динара Анарбаевнанын ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Курмантаев Нурдин Туралиевичке өткөрүлүп берилди;   * Айтматов районунун Чолпонбай айылдык кеңешинин депутаты Суюнтбеков Фархад Маратовичтин ыйгарым укуктары каза болгондугуна байланыштуу мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Чормонов Эрдос Төлөгөновичке өткөрүлүп берилди.
Кененирээк билүү >>