Башкы Жаңылыктар БУУнун Өнүктүрүү Программасы ар бир участкалык шайлоо комиссиясы …

БУУнун Өнүктүрүү Программасы ар бир участкалык шайлоо комиссиясы үчүн факс аппараттарын берди

01-Окт, 2010

Факс аппараттарын колдонуу менен ар бир участкалык комиссия добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө түзүлгөн Протоколду тез арада КР БШКга тикелей жибере алат. Бардык Протоколдор  Маалыматтарды иштеп чыгуу борборуна  келип түшөт. Факс аппараттарын колдонуу КР БШКга шайлоо аяктагандан кийин саналуу сааттарда анык маалыматтарга ээ болууга мүмкүндүк берет жана орто жолдо аларды бурмалоо мүмкүндүгүн жокко чыгарат. Ушул механизмдин милдет-максаты   шайлоо процессинин айкындыгын камсыз кылууда жана Кыргызстан жарандарынын шайлоонун жыйынтыктарына карата ишенимин жогорулатууда турат. Берилген жабдууларды Протоколдорду көчүрмөлөө үчүн да пайдаланууга болот, бул болсо байкоочуларга Протоколдун нагыз көчүрмөсүнө ээ болууга мүмкүндүк берет.

Ошондой эле, БУУ Өнүктүрүү Программасынын Кыргыз Республикасында шайлоо өткөрүүнү колдоо боюнча Долбоорунун көмөгү менен КР БШК участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү үчүн атайын жилеттерди иштеп чыкты, мунун максаты шайлоочу аларды добуш берүү жайында ажыратып тааный алышы  үчүн керек. Жилеттерге мамлекеттик желектин түспөлү жана БШКнын логотиби тартылган жана улуттук орнамент менен кештеленген. Мындан тышкары, Кыргыз Республикасында шайлоо процессин техникалык жана операциялык жактан  колдоого алуунун алкагында БУУ Өнүктүрүү Программасынын Кыргыз Республикасында шайлоо өткөрүүнү колдоо боюнча Долбоору шайлоочулардын манжаларын маркировкалоо үчүн көзгө көрүнбөс сыяны жана ультрафиолет лампаларын берди.

 

БУУ Өнүктүрүү Программасынын аталган долбоорунун алкагында шайлоо боюнча эл аралык эксперттер ишке тартылды, алар бир нече айдан бери БШК менен кызматташып жатышат жана БШКнын кеңеш берүүчү добуштуу мүчөсүнүн статусуна ээ.

 

БУУ Өнүктүрүү Программасынын Кыргыз Республикасында шайлоо өткөрүүнү колдоо боюнча Долбоору Австриянын Өкмөтү жана БУУ Өнүктүрүү Программасы тарабынан финансыланат.

 

Алдыдагы шайлоо үчүн факс аппараттарын жана башка материалдарды (алардын жалпы суммасы жарым миллион АКШ долларынан ашуун)  өткөрүп берүү жөрөлгөсү БШКда 2010-жылдын 1-октябрында  өттү, ага БШК төрагасы А. А. Сариев жана

БШК мүчөлөрү,  БУУ Өнүктүрүү Программасынын, Евробирликтин, ЖМКнын өкүлдөрү катышты.

 

 

Иш-чаранын катышуучулары:

 

БШК төрагасы – Сариев Акылбек Аблабекович

 

БШК мүчөлөрү

 

БУУ Өнүктүрүү Программасынын өкүлдөрү:

 

Эржан Мурат - БУУ Өнүктүрүү Программасынын Кыргыз Республикасындагы ишке ишенимдүү өкүлү

 

Александр Кашкарев - БУУ Өнүктүрүү Программасынын демократиялык башкаруу программалары боюча бөлүмүнүн жетекчиси

 

Эркин Касыбеков - БУУ Өнүктүрүү Программасынын “Демократиялык башкаруу” программасынын менеджери

 

Ден Малинович -  БУУ Өнүктүрүү Программасынын Кыргыз Республикасында шайлоо өткөрүүнү колдоо боюнча Долбоорунун жетекчиси

 

Медер Дастанбеков - БУУ Өнүктүрүү Программасынын Кыргыз Республикасында шайлоо өткөрүүнү колдоо боюнча Долбоорунун координатору

 

Евробирликтин Кыргыз Республикасындагы  өкүлчүлүгү:

 

Том Массис - Евробирликтин Кыргыз Республикасындагы  өкүлчүлүгүнүн кызматташтык боюнча бөлүмүнүн башчысы

 

 

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында жарандардын айрым категорияларынын шайлоо укуктарын камсыздоо боюнча тренингдер өткөрүлдү
19-Окт, 2026

Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында жарандардын айрым категорияларынын шайлоо укуктарын камсыздоо боюнча тренингдер өткөрүлдү

2026-жылдын 15, 16 жана 19-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жарандардын айрым категорияларынын шайлоо укуктарын камсыздоо боюнча Жумушчу тобунун мүчөлөрү Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарындагы мамлекеттик уюмдардын жана мекемелердин өкүлдөрү үчүн тренингдерди өткөрүштү. Тренингдердин негизги максаты – жарандардын айрым категорияларынын шайлоого катышуусун уюштуруу маселелери боюнча маалымдуулукту жогорулатуу жана тиешелүү адистердин компетенцияларын өнүктүрүү.  Окутуу программасы жалпы шайлоо укугунун негизги принциптеринен тартып, жарандардын айрым категорияларынын шайлоого катышуусун уюштуруунун практикалык маселелерине чейинки темаларды камтыды. Тренингдерге жалпысынан 225 адам катышты. Алардын арасында Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин, Ички иштер министрлигинин, Коргоо министрлигинин, Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик чек ара кызматынын, Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын, ошондой эле Баткен, Ош жана Манас шаарларынын мэрияларынын өкүлдөрү болушту. Теориялык жана практикалык сабактардын жүрүшүндө катышуучулар төмөнкү негизги маселелерди кеңири талкуулашты:-        жалпы шайлоо укугу жана шайлоо укугун чектөөгө байланышкан маселелер, анын ичинде жарандардын айрым категорияларына тиешелүү жагдайлар;-        жарандардын айрым категорияларынын шайлоо укуктарын камсыздоодо шайлоо комиссиялары менен мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүсү;-        шайлоо комиссияларынын электрондук порталдары жана шайлоо процесстерин санариптик форматта уюштуруу;-        жарандардын айрым категорияларын маалымдоо жана шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүү тартиби;-        шайлоо участогунан тышкары жерде добуш берүүнү уюштуруу тартиби жана добуш берүүнүн купуялуулугун камсыздоо.Талкуулардын жүрүшүндө катышуучулар жарандардын айрым категорияларынын шайлоо укуктарын ишке ашырууда алардын укуктарын коргоо механизмдерине, шайлоо процессине тоскоолдуксуз катышуусу үчүн зарыл шарттарды түзүү маселелерине өзгөчө көңүл бурушту. Өткөрүлгөн тренингдер мамлекеттик органдардын жана мекемелердин өкүлдөрүнүн шайлоо укуктарын камсыздоо жаатындагы билимдерин тереңдетүүгө, ведомстволор аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана жарандардын айрым категорияларынын шайлоо процессине толук кандуу катышуусуна өбөлгө түзүүгө багытталды
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү тартибин бузган бир катар жарандарга эскертүү берди
19-Окт, 2026

КР БШКсы шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү тартибин бузган бир катар жарандарга эскертүү берди

Бүгүн, 19-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъекттерин маалымдоо маселелери жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча Жумушчу топтун жыйыны өттү. Жыйында мыйзамда белгиленген үгүт жүргүзүү мөөнөтү башталганга чейин талапкерлерди колдоого же аларга каршы үгүттөөгө байланышкан мыйзам бузуулар боюнча тиешелүү чаралар көрүлдү. Атап айтканда, социалдык тармактар аркылуу белгилүү бир талапкерге добуш берүүгө же бербөөгө чакыруу, талапкерлерди шайлоого же шайлабоого багытталган материалдарды таратуу, ошондой эле шайлоочулардын тандоосуна таасир этүү максатында сурамжылоолорду уюштуруу жана алардын жыйынтыктарын пайдалануу фактылары каралды.Аныкталган мыйзам бузуулар боюнча Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин тиешелүү беренелерине ылайык, социалдык тармактардын активдүү колдонуучулары Залкарбек Кудайбердиев, Бахтияр Кыдыралиев, Малик Исмаилбек уулуна жана Жыргалбек Ибраимовдорго эскертүү берилди. Жогорудагы жарандар Жумушчу топ тарабынан айтылган сын-пикирлерди, сунуштарды эске алып, социалдык тармактардагы жарыялаган билдирүүлөрүн өчүрүүгө жана башка мындай аракеттерге барбай тургандыктарын билдиришти. Борбордук шайлоо комиссиясы бардык жарандарды, жалпыга маалымдоо каражаттарын жана социалдык тармактардын колдонуучуларын шайлоо мыйзамдарынын талаптарын так сактоого чакырат.
Кененирээк билүү >>
Байкоочунун шайлоодогу укуктары жана милдеттери
19-Окт, 2026

Байкоочунун шайлоодогу укуктары жана милдеттери

Кененирээк билүү >>
КР БШКсы Президенттик шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн 81 ЖМКны аккредитациядан өткөрдү
16-Окт, 2026

КР БШКсы Президенттик шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн 81 ЖМКны аккредитациядан өткөрдү

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 16-октябрындагы жыйынында 2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн жалпыга маалымдоо каражаттарын (ЖМК) жана интернет-басылмаларын аккредитациялоо маселесин карады.Шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъекттерин маалымдоо маселелери жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча жумушчу топтун сунушун эске алып, КР БШКсы жалпысынан 81 ЖМКны аккредитациялады.Алардын ичинде:-        басылмалар – 19;-        телерадиоуюмдар – 22; -        радиолор – 13;-        интернет-басылмалар – 27. КР БШКнын расмий сайтындагы “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо” бөлүмүндө ЖМКнын эфир убактысын, басылма аянтын жана интернет-басылмаларда жарыялоо укугун бергендиги үчүн акы төлөөнүн өлчөмү жана башка шарттары боюнча маалыматтар жайгаштырылат.Аккредитациядан өткөн ЖМК жана интернет-басылмалар талапкерлердин үгүт иштерин өлкөнүн мыйзамдарынын алкагында так жана калыс жүргүзүүгө милдеттүү.Президенттик шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн жалпыга маалымдоо каражаттарын жана интернет-басылмаларын аккредитациялоо “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо” автоматташтырылган маалыматтык тутуму аркылуу жүргүзүлдү.
Кененирээк билүү >>