WhatsАppтан жазышуу боюнча иликтөө башталды

2020-жылдын 2-октябрында БШКнын ыкчам аракет кылуучу координациялык тобуна, Бишкек шаарынын жашоочусу Инна Борисовна аттуу аялдын WhatsUppтан алардын үйүндө өткөн окуяны сатып алуу жана башаламандык деп атаган кат жазышуусу келип түшкөн. Кабарды жазган автордун маалыматы боюнча, эки жума мурда үй башчысы Айгүл аттуу Бишкекте жашаган аял жашоочуларга “Мекеним Кыргызстан” партиясы шайлоочулардын добуштары үчүн автоматтык дарбаза орнотуп берерин айткан. Айтылган партияга добуш берүүдөн баш тарткан жашоочулар 2500 сом төлөрү тууралуу айтылат. 
Автордун айтымында баш тарткандарга үйгө кирип-чыгуу үчүн чиптер берилбейт. 

Инна Борисовна WhatsUpp жазышууга жашоочулардын тобун тиркеп, анда үй башчысы Айгүл “Мекеним Кыргызстан” партиясынан ЖК депутаттыгына талапкер менен саат 17де Баят паркында жолугушуу болорун, алып барууга кепилдик берерин айтат. 

Үй башчысынын кайрылуу текстинен ижарада жашап жатышкан 20 адам бул партия үчүн добуш бергиси келбегени белгилүү болот.

Р.Гайваров  үй башчысынан бул дарбаза эрки мененби же мажбурлоо мененби деп сурайт. 

Маалымат ИИМге иликтөө үчүн жиберилди.

КР БШК Маалыматтык бөлүмү