Ош шаарынын ички иштер бөлүмү “Биримдик” партиясынын агитациясы боюнча иликтөө баштады

18-сентябрда КР БШКнын ыкчам аракет кылуучу координациялык тобуна «Vesti.kg» сайтында көп кабаттуу үйдүн үй башчысы “Биримдик” партиясынын агитаторлоруна үйгө кирүүгө тоскоолдук кылганы боюнча видео жарыкка чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.  

18-сентябрда маалымат Ош шаардык ички иштер бөлүмүнө жөнөтүлгөн. Иликтөө башталды.

КР БШК Маалыматтык бөлүмү