Бишкектеги “Биринчи май” МАБдын паспорттордун көчүрмөлөрүн жыйноосу боюнча иликтөө жүрүүдө

2020-жылдын 26-августунда КР БШКнын ыкчам аракет кылуучу координациялык тобуна А. Мэлсбекова кайрылган.

Ага “Биринчи май” МАБдын №8-үйдүн үй башчысы ага кайсы бир партияга добуш берүү үчүн паспорттордун копиясын берүүнү сурап кайрылган. Баш тартса укук коргоо органдарына кайрылаарын билдирген. А. Мэлсбекованын маалыматы боюнча үй башчысынын мындай аракеттеринин башында “Биринчи май” МАБы турат.

Бул маалыматты иликтөө үчүн КР ИИМине берилип, иликтөө иштери башталды.