ЫАККТ маалымдайт: Кызматтык транспортту жеке максаттары үчүн пайдалануу жөнүндө маалыматтар текшерилүүдө

2021-жылдын 10-мартында, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Ыкчам аракет кылуучу координациялык тобунун WhatsApp номерине Токмок шаарынын тургунунан маалымат түшкөн, ал социалдык тармактарда видеокайрылуу таркатылып жаткандыгы жөнүндө айткан. Анда Токмок шаарынын мэри Данияр Амангелдиев аялдарды 8-март майрамы куттуктагандыгын айткан.

Андан ары ал мэр шайлоого «Эмгек» саясий партиясынан шаардык кеңештин депутаттыгына талапкер катары катышкандыгына байланыштуу учурда эс алууда экендигин белгилеген. Ошол эле учурда шаар мэри мыйзамды бузуп, кызматтык транспорт менен жүрүүнү улантып, күн сайын мэрияга келип турат.

"Эмгек" саясий партиясына үгүттөөгө үндөгөн шаардын мамлекеттик органдарынын, ишканаларынын жетекчилери менен жолугушууларды өткөрөт.

Бул маалымат текшерүү үчүн Токмок АШКга жөнөтүлдү.

ЫАККТ БШК

Кыска номер – 1255

WhatsApp – 0990 02-12-55

Ишеним телефону – 0312 62-62-46

Коомдук кабылдама – 0312 66-02-40

Электрондук дарек – kgor_cec@shailoo.gov.kg