ЫАККТ маалымдайт: Кызматтык унааларды белгилүү бир саясий партиянын кызыкчылыгы үчүн пайдалануу боюнча маалыматтар текшерилүүдө

2021-жылдын 10-мартында, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Ыкчам аракет кылуучу координациялык тобунун WhatsApp номерине Токмок шаарында жашаган Темирден маалымат түшкөн, ал Токмоктун шаардык кенешинин спикери Солтобаев Тилек шайлоого "Эмгек" саясий партиясынан катышып жаткандыктан эмгек өргүүсүндө экендигин билдирген.

Андан ары ал Т.С.Солтобаев Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуп, кызматтык транспортун өзүнүн жеке максаттары үчүн, ошондой эле “Эмгек” саясий партиясынын кызыкчылыгы үчүн пайдаланууну улантып жаткандыгын белгиледи.

Айтылгандарды тастыктоо үчүн спикердин кызматтык унаасы "Эмгек" саясий партиясынын штабынын жанында токтоп турган видеотасманы жөнөткөн.

Бул маалыматты текшерүү үчүн Токмок АШКнын ЫАККТна жөнөтүлдү.

ЫАККТ БШК

Кыска номер – 1255

WhatsApp – 0990 02-12-55

Ишеним телефону – 0312 62-62-46

Коомдук кабылдама – 0312 66-02-40

Электрондук дарек – kgor_cec@shailoo.gov.kg