ЫЧКТ билдирет: Шайлоочуларды №5554 УШКсында тизме кармап текшерген аял боюнча маалымат текшериле баштады

2021-жылы 12-январында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Ыкчам аракеттенүүчү координациялык тобуна Facebook социалдык тармагында шайлоо күнү Ош шаарындагы №5554 УШКсынын кире беришинде Соня аттуу домком аял, шайлоочулардын тизмесин колуна алып, добуш берүүгө келгендерди белгилеп жатканы айтылган. Эмне үчүн мындай жумуш жасап жатканын сурашканда, ал анын эмгек акысы экенин айткан жана тизмедеги шайлоочу добуш берүүгө келбесе, өздөрү жеткиришээрин билдирген.

12.01.2021-жылы маалымат ИИМге жиберилген жана Башкы прокуратурага кабарланган.

ЫЧКТ БШК

Кыска номери – 1255

WhatsApp – 0990 02-12-55

Ишеним телефону – 0312 62-62-46

Коомдук кабылдама – 0312 66-02-40

Электрондук дарегиkgor_cec@shailoo.gov.kg