ЫАККТ маалымдайт: Саясий партиянын штабы үчүн кызматтык имаратты берүү жөнүндө маалымат текшерилип жатат

2021-жылдын 6-мартында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Ыкчам аракет кылуучу координациялык тобунун WhatsApp номерине Ноокат шаарында жашаган жаран Г.К.Дубанаевадан кайрылуу түшкөн. Ал шаардык кеңешке депутаттыкка талапкер экендигин билдирип, “Бир Бол” саясий партиясынын тизмесинде баратканын билдирген.

Дубанаева Г.К. болжолдуу түрдө "Ата Журт Кыргызстан" саясий партиясынын штабы Ноокат шаарынын мэриясынын имаратынын экинчи кабатында жайгашканын, бул партиянын башчысы Б.Айтиев экенин кабарлаган.

Г.К.Дубанаеванын айтымында, «Ата Журт Кыргызстан» саясий партиясынын депутаттыгына талапкерлердин бири, учурда шаардык кеңештин башчысы - Гафаров А. административдик ресурстарды колдонуп, мэриянын кызматтык имаратын “Ата Журт Кыргызстан” партиясынын иш-аракеттерин уюштуруу үчүн берген. Ошол эле учурда, Г.К.Дубанаева мэриянын бул кызматтык имаратында аталган партиянын жолугушуулары өткөрүлүп жаткандыгын белгиледи.

Дубанаева Г.К. видеотасманы тартуу учурунда Б. Айтиевдин жумушчу столунан "Ата Журт Кыргызстан" партиясынан депутаттыкка талапкерлердин материалдары жазылып алынгандыгын көрсөткөн.

Дубанаева Г.К. укук коргоо органдарынан бул маалыматты текшерип, карап чыгууну өтүнөт.

Г.К.Дубанаеванын маалыматы текшерүү жана кароо үчүн ЫАККТ Ноокат АШКсына жиберилген.

ЫАККТ БШК

Кыска номер – 1255

WhatsApp – 0990 02-12-55

Ишеним телефону – 0312 62-62-46

Коомдук кабылдама – 0312 66-02-40

Электрондук дарек – kgor_cec@shailoo.gov.kg