ЫЧКТ билдирет: Ноокат районунун ИИБи Ноокат АШКсынан телефон чалуулар фактысын териштирет

2020-жылы 12-сентябрда Ыкчам аракеттенүүчү координациялык тобуна МШС бөлүмүнүн башчысы А.С. Эрназаров кайрылып, Ноокат АШКсынын ишке тартылган адиси А. Абдыбаитов белгисиз бир адам өзүн анын аты менен Абай деп тааныштырып, телефон номуруна окшош номур аркылуу Базар-Коргон АШКсынын идентификация боюнча операторлоруна жана мүчөлөрүнө чалып, алардан АШКнын иши боюнча отчет, маалыматтарды алгандыгын айткандыгы тууралуу билдирген.

Мында А. Абдыбаитов А.С. Эрназаровго операторлор берген отчеттор боюнча ырастоочу материалдарды жана кат алышуу менен сүйлөшүүлөрдүн натыйжаларын берген.

Маалымат 2020-жылы 12-сентябрда Ноокат АШКсына, Ноокат районунун ИИБине  начальнигине жөнөтүлдү. Териштирүү башталды.

КР БШК маалымат бөлүмү