ЫАККТ билдирет: Панфилов райондук акимине карата түшкөн маалымат боюнча текшерүү башталды

2020-жылдын 16-декабрында Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын ыкчам аракет кылуучу координациялык тобуна (ЫАККТ) Чүй облусунун Панфилов районунун Эркин-Сай айылынын жашоочусу Ж. Чортонова аттуу жарандан арыз түшкөн. Ж. Чортонова Эркин-Сай айылындагы С. Жапаровдун штабынын мүчөлөрүнүн көпчүлүгү "Биримдик" саясый партияларынын өкүлдөрү экендигин билдирген. Ал ошондой эле 15 декабрда КР Президенттигине талапкер С. Жапаровдун башкы штабынын жетекчилери районго келген күнү аларды Панфилов районунун акими Э. Аманкулов коштоп жүргөндүгүн айтат. Ж. Чортонованын пикири боюнча Э. Аманкулов агитация иштерине катышып, С. Жапаровду колдоо иштерин уюштуруу үчүн административдик ресурсту колдонуп жатат. 2020-жылдын 16-декабрында КР Башкы прокуратурасына кабар берилди.

ЫАККТ БШК