ЫАККТ маалымдайт: "Эмгек" саясий партиясынын пайдасына үгүт иштерин жүргүзүп жаткан үй комитетинин төрагасынын үстүнөн түшкөн арыз боюнча тергөө иштери башталды

2021-жылдын 7-апрелинде Кыргыз Республикасынын БШКнын ЫАККТна Тыныстанов көчөсүнүн №2-үйүндө жашаган Бишкек шаарынын белгисиз тургунунан арыз келип түшкөн. Тыныстанов атындагы көчөдөгү №2-үй комитетинин төрагасы Роза аттуу аял ушул үйдүн жашоочулары арасында бир айдан бери "Эмгек" саясий партиясы үчүн үгүт иштерин жүргүзүп жатат, тактап айтканда, Шин С. үчүн "Эмгек" саясий партиясын алдыдагы шаардык кеңештин депутаттарын шайлоодо утуп алса, Шин С. алардын көчөсүндөгү жолду асфальттайт деп ырастоодо.

Андан ары арызда үй комитетинин төрагасы үйдүн жашоочуларынын паспорттук маалыматтарын чогултуп, кысым көрсөтүп, үйдүн улгайган тургундарын коркутуп-үркүтүп, добуш берүү учурунда 22-партияга добуш берүүлөрү айтылган.

Арыздын автору үй комитетинин төрагасы Розанын айтымында, ага 5000 сом өлчөмүндө сый акы төлөнгөндүгүн, калган 10000 миң сомду ага шайлоодон кийин №8-МТУнун кызматкери Клара убада кылганын баса белгиледи.

Жогорудагы фактыларды текшерүү үчүн маалымат Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына, Бишкек АШКнын ЫАККТна жөнөтүлдү.

ЫАККТ БШК

Кыска номер – 1255

WhatsApp – 0990 02-12-55

Ишеним телефону – 0312 62-62-46

Коомдук кабылдама – 0312 66-02-40

Электрондук дарек – kgor_cec@shailoo.gov.kg