ЫАККТ билдирет: Депутаттыкка талапкердин диплому жасалма деп арызданган жарандын арызы боюнча изилдөө башталды

2021-жылдын 29-мартында КР БШКнын ЫАККТна Ош облусунун Кара-Суу районундагы Кызыл-Байрак айылында жашаган О. Токторалиевдан арыз түшкөн. Ал "Курманжан датка" округунан депутаттыкка талапкер Б. Халматовдун жогорку билими жок, диплому жасалма экендиги, ошондой эле мугалимдерди өзүнүн шайлоо алдындагы үгүт иштерине тартып жаткандыгы боюнча арызданган. О. Токторалиева мындан тышкары Б. Халматов башка аймактардан көп адамдарды каттоого тургузгандыгын да билдирет. Бул маалымат Башкы прокуратурага, КР ИИМне, Кара-Суу АШК ЫАККТна жиберилди.

ЫАККТ ЦИК КР

Кыска номер – 1255

WhatsApp – 0990 02-12-55

Ишеним телефону – 0312 62-62-46

Коомдук кабылдама – 0312 66-02-40

Электрондук дарек – kgor_cec@shailoo.gov.kg