ЫЧКТ маалымдайт: Кызмат ордунан бошотуу жөнүндө арызды териштирүү башталды

2021-жылы 26-мартта Ош шаарында жашаган Н.Самиева Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын ыкчам аракет кылуу боюнча координациялык тобуна кайрылып, ал 2021-жылдын 15-февралына чейин Керме Тоо-3 жергиликтүү кеңешинин төрагасы болуп иштегендигин кабарлаган.

2021-жылдын 15-февралында шаардык кеңештин депутаттыгына "Улуттар Биримдиги Элдик партиясы" саясий партиясынан талапкер катары көрсөтүлгөн. Ушундан кийин Ош шаарынын мэриясынын аппаратынын башчысы Осмонов Жалилдин өкүлдөрү Н.Самиеванын ооругандыгынан улам эс алууга чыкканына карабай анын үйүнө тынымсыз келип жана кызматтан бошону талабы менен кайрыла башташты.

Н. Самиева 18-февралдан тарта Ж. Осмонов тарабынан жасалган кысымдан улам иштен кетүү тууралуу арыз жазууга аргасыз болгонун билдирген. Н. Самиева кызматтан кетүүсү менен макул эместигин, ички иштер органдары кошумча териштирүү жасоосун суранат.

Маалымат текшерүү жана кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине жөнөтүлдү.

ЫАККТ БШК КР

Кыска номер – 1255

WhatsApp – 0990 02-12-55

Ишеним телефону – 0312 62-62-46

Коомдук кабылдама – 0312 66-02-40

Электрондук дарек – kgor_cec@shailoo.gov.kg