Ош шаарынын мамлекеттик жана муниципалдык органдарынын өкүлдөрүнүн “Биримдик” партиясынын жыйынына катышкандыгы боюнча иликтөө башталды

Ош шаарынын мамлекеттик жана муниципалдык органдарынын өкүлдөрүнүн “Биримдик” партиясынын жыйынына катышкандыгы боюнча иликтөө башталды

КР БШКнын ыкчам аракет кылуу боюнча координациялык тобу Ош шаарынын мамлекеттик, муниципалдык, облустук, райондук органдарынын өкүлдөрү Ош шаарында “Биримдик” партиясы уюштурган жыйынга катышкандыгы боюнча видео тууралуу маалымат берди.

Бул видео БШКнын коомдук кабылдамасына 14-августта Клооп Интернет-басылмасынан түшкөн жана Ош шаарындагы ыкчам аракет кылуучу координациялык топко да жөнөтүлгөн.

“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутаттарды шайлоо жөнүндөгү” КР мыйзамынын 21-1-беренелерине ылайык, административдик ресурсту кыянаттык менен пайдаланууга, так айтканда кол алдындагы же башка кызматтык көз карандылыктагы адамдарды, башка мамлекеттик же муниципалдык кызматкерлерди, мамлекеттик же муниципалдык билим берүү уюмдарынын кызматкерлерин, саламаттык сактоо мекемелеринин кызматкерлерин талапкерди көрсөтүү же шайлоого жардам бере турган иштерге катыштырууга жол берилбейт.

Ош шаарынын ыкчам аракет кылуучу координациялык тобуна аймактык шайлоо комиссияларынын, ИИМ, УКМК, прокуратуранын өкүлдөрү киришет, бул топ аталган факт боюнча иликтөөнү баштады.

КР БШКнын ыкчам аракет кылуучу координациялык тобу бул иликтөөнү көзөмөлгө алышты.  

КР БШК Маалыматтык бөлүмү