Күрөш боюнча Борбордук Азиялык ассоциациянын вице-президенти Н. Осмоналиевдин видео кайрылуусу боюнча иликтөө башталды

Күрөш боюнча Борбордук Азиялык ассоциациянын вице-президенти Н. Осмоналиевдин видео кайрылуусу боюнча иликтөө башталды

КР Шайлоо жана референдум боюнча борбордук комиссиясынын ыкчам аракет кылуу боюнча координациялык тобу, күрөш боюнча Борбордук Азиялык ассоциациянын вице-президенти Н. Осмоналиевдин “Биримдик” саясый партиясынын төрагасы М. Аманкуловго видео кайрылуусун иликтеп чыкты. Бул кайрылуу Клооп Интернет-ресурсунда жайгашкан.

Н. Осмоналиев видео кайрылууда Ош облусунун Өзгөн районундагы №53-Ботобеков атындагы орто мектептин директоруна КР ЖК вице-спикери А. Касымалиева көрсөтүп жаткан кысым тууралуу билдирген.

Клооп Интернет-ресурсунун баракчаларында кат жазышуулардын скриншоттору делген материалдар жарыяланган.

2020-жылдын 22-августунда аталган материал ИИМге №53-орто мектептин директору Р. Камбардиновго кысым көрсөтүү фактысы жана административдик ресурстун бар экендиги боюнча иликтөөгө жиберилди.

Иликтөө башталды.