“Мекеним Кыргызстан” партиясы үчүн “пара берүү” беренеси боюнча иликтөө башталды

КР БШКнын ыкчам аракет кылуучу координациялык тобу Facebook социалдык тармагындагы «Өзгөн жаштар кыймылы» тобунда жайгашкан аудиомаалыматты иликтеди. Анда белгисиз аял менен эркек жаңы үлгүдөгү паспорттордун ар бирине 500 сом алуу үчүн жыйноо кампаниясын баштоону талкуулап жатышкандыгы айтылган. Ошондой эле 4-октябрда “Мекеним Кыргызстан” саясый  партиясы үчүн добуш берсе кошумча 2500 сом алуусу тууралуу айтылат.

КР БШКнын координациялык тобу бул маалыматты КР ИИМге жиберди. Чүй облусунун Жайыл районунун ЕРППында №03-004-2020-002645 номуру менен катталып, КР Кылмыш кодексинин 1-192-беренелери боюнча иликтөө башталды.