Шайлоо документтерин фальсификациялоо беренеси боюнча иликтөө башталды

2020-жылдын 5-сентябрында КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын алдындагы ыкчам аракет кылуучу координациялык тобуна О. Жамакеевден маалымат түшкөн. 
О. Жамакеев ага августтун аягында Улан аттуу адам чалып, “Республика” партиясынын агитация тобунун жетекчиси экендигин айтып, анын агитация тобуна кирүүнү сунуш кылып, өзу жашаган жердеги жашоочуларга агитация жүргүзүү үчүн белгилүү бир суммада акча сунуш кылгандыгын билдирген. Бул үчүн ал анын телефонуна О. Жамакеевдин паспортун жиберүүнү суранган, берки аны аткарган. 
2-сентябрда Улан ага чалып, алардын агитация тобу Бишкектеги №65-мектептин жанында чогулуп жаткандыгын айткан, бирок ошондон бери ал келген да, чалган да эмес. 
О. Жамакеев эми Ф 2 форма сыяктуу шайлоо документтери фальсификацияланып жаткан учурларына тынчсызданып, анын паспортун, балдарынын жана неберелеринин паспортторун тигил адам мыйзамга каршы келе турган иштерге пайдаланып, ачык айтканда кайсы бир саясый партияга пайдаланып кетишет деп эсептейт.
5-сентябрда бул маалымат КР ИИМине жиберилди.  КР Кылмыш кодексинин 192-беренеси (шайлоочуларды сатып алуу), 195-берене – шайлоо документтерин фальсификациялоо боюнча иликтөө башталды.  
КР БШК Маалыматтык бөлүмү