ЫЧКТ билдирет: Депутаттыкка талапкердин билдирүүсүнүн негизинде тергөө иштери башталды

2021-жылдын 24-мартында, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Ыкчам аракет кылуу боюнча координациялык тобуна Жалал-Абад облусунун Ноокат шаарынын шаардык кеңешине “Эмгек” саясий партиясынан депутаттыкка талапкер Б.А.Мадумаровдон билдирүү түшкөн. Ал жана "Эмгек" саясий партиясынын талапкерлери ушул жылдын 21-мартында үгүт иштерин жүргүзүү максатында, Жала-Абад облусунун Ноокат шаарынын "Кара-Турпак" кичи районунда болушкан.

Бирок, аталган аймактын жашоочулары “Эмгек” партиясынын иш-чарасына катышуудан баш тартып, добуштары “Аманат” саясий партиясына берилерин белгилешти. Бул айылдын аксакалдары буга чейин "Аманат" саясий партиясынан депутаттыкка талапкерлер Кара-Турпак айылынын тургундары менен жолугушууда, алар айылга электр чубалгысы үчүн 6 даана темир-бетон 100 миң сомго бааланган мамыларды орнотуп берүүнү убада кылышкандыгын белгилешти.

Маалымат Ноокат АШКнын ЫАККТына, КР ИИМне жиберилди.

ЫАККТ БШК КР

Кыска номер – 1255

WhatsApp – 0990 02-12-55

Ишеним телефону – 0312 62-62-46

Коомдук кабылдама – 0312 66-02-40

Электрондук дарек – kgor_cec@shailoo.gov.kg