ЫЧКТ билдирет: "Инстаграмда" талкууланган аудио жазуу боюнча тергөө башталды

2021-жылдын 19-мартында, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Ыкчам аракет кылуу боюнча координациялык тобуна "Vesti.kg" журналисти Д. Советбековдон Инстаграмда талкууланып жаткан аудио жазуу жөнүндө билдирүү түшкөн.

Аудиожазууда белгисиз аял No1 форма аркылуу адамдарды шайлоочулардын тизмесине киргизүү үчүн участкалык шайлоо комиссияларына жөнөтүүгө болот деген көрсөтмө берет.

Мындан тышкары, ал жарандарды участкалык шайлоо комиссияларына жеткирүүнү камсыз кылуу боюнча көрсөтмөлөрдү берет.

Андан ары ал мыйзамга ылайык, күмөн жаратпаш үчүн батирлерге каттоого турса болот, бирок 10 кишиден ашпашы керек дейт.

Видеодо автор агитаторлор менен 3000 сом төлөп келишим түзгөнүн көрсөтөт.

Бул маалымат КР ИИМне жана КР Башкы прокуратурасына жиберилди.

ЫАККТ БШК

Кыска номер – 1255

WhatsApp – 0990 02-12-55

Ишеним телефону – 0312 62-62-46

Коомдук кабылдама – 0312 66-02-40

Электрондук адрес – kgor_cec@shailoo.gov.kg