ЫАККТ билдирет: референдумда "президенттик формага" добуш берүүгө агитация боюнча иликтөө башталды

2021-жылдын 9-январында КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясынын ыкчам аракет кылуучу координациялык тобуна "Таза Шайлоо" ассоциациясынын байкоочусу Ш. Нуровдон Бишкек шаарындагы №1331 УШКнын мүчөсү С. Камалова жөнүндө кабар түшкөн. С. Камалова имараттан тышкары добуш берүү учурунда шайлоочуга референдумда "президентик формага" добуш берүүгө кеңеш бергени айтылган, бул тыюу салынган учурдагы агитация катары эсептелет. 09.01.21-жылы бул тууралуу КР ИИМине, Башкы прокуратурага, Бишкек шаарынын ЫАККТ АШКна билдирилди.

ЫАККТ БШК

Кыска номер - 1255
WhatsApp - 0990 02-12-55
Ишеним телефону - 0312 62-62-46
Коомдук кабылдама - 0312 66-02-40
Электрондук дарек - kgor_cec@shailoo.gov.kg