ЫАККТ билдирет: Саясий партиянын бак-дарак отургузуу боюнча отчетун иликтөө башталды

2021-жылдын 7-апрелинде Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын ыкчам аракет кылуу боюнча координациялык тобуна 2021-жылдын 7-апрелинде Ак Өргө конушундагы "Республика" саясий партиясы кайрымдуулук иш-чарасын өткөрүп, Лущихин көчөсүнүн боюна 130 карагач көчөтүн отургузганы боюнча билдирүү түшкөн.

Иш-чарага аталган партиянын көптөгөн өкүлдөрү, партиянын логотиби түшүрүлгөн футболкалар кийген жаштар, шаардык кеңештин депутаттыгына талапкер А.Өмүрбекова көчөттөрдү отургузуу иштерине катышкан.

"Республика" саясий партиясы өз баракчасында Ак Өргө массивинин жашоочулары менен биргеликте "Бак отургуз" деп аталган дарактарды отургузуу боюнча жакшы иш-чараларды өткөргөндүгүн белгилеген.

Маалымат Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына, Бишкек АШКнын ЫАККТна жөнөтүлдү.

ЫАККТ БШК

Кыска номер – 1255

WhatsApp – 0990 02-12-55

Ишеним телефону – 0312 62-62-46

Коомдук кабылдама – 0312 66-02-40

Электрондук дарек – kgor_cec@shailoo.gov.kg