ЫЧКТ билдирет: Добуш берүү үчүн жайдан тышкары жерде добуш берүү боюнча арыздардын өсүшүн иликтөө башталды

2021-жылы 8-январында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Ыкчам аракеттенүүчү координациялык тобунун WhatsApp номерине “Жалпы иш” коомдук фондунан, Бишкек шаары, Ош шаары жана Ош областы боюнча добуш берүү жайынан тышкары добуш берүүгө келип түшкөн арыздардын өсүшү боюнча маалымат түшкөн.

Байкоочулардын айтымында, айрым учурларда №5274, 5252, 5909 УШКларында шайлоочуларга кысым көрсөтүлгөн фактылар орун алган. “Жалпы иш” коомдук фондунун байкоочуларынын билдирүүсүндө, кээ бир адамдар акчалай сыйлыктарды сунуштап, жеке бир талапкердин пайдасы үчүн шайлоочулар саламаттыкты сактоо мекемелеринен добуш берүү жайларынан сырткары добуш берүү боюнча тастыктама алышын сунуштап жүрүшөт.

“Жалпы иш” коомдук фонду, көрсөтүлгөн аймактагы жерлерден ден соолугунун абалын тастыктаган добуш берүү жайынан тышкары добуш берүү зарылдыгы боюнча берилген медициналык тактамалардын аныктыгын текшерүүнү сураган.

08.01.2021-жыл. Маалымат ИИМге, Башкы прокуратурага жиберилген.

ЫЧКТ БШК

Кыска номери – 1255

WhatsApp – 0990 02-12-55

Ишеним телефону – 0312 62-62-46

Коомдук кабылдама – 0312 66-02-40

Электрондук дарегиkgor_cec@shailoo.gov.kg