ЫЧКТ билдирет: “Мекеним Кыргызстан” партиясынын чек ара постунда орнотулган растяжкасы боюнча териштирүү башталды

2020-жылы 11-сентябрда КР БШКнын мүчөсү Г.К. Джурабаева Ош облусунун Кара-Суу шаарында чек ара постунун аймагында “Мекеним Кыргызстан” партиясынын растяжкасы орнотулганы жөнүндө Ыкчам аракеттенүүчү координациялык топко маалымдады.

2020-жылы 11-сентябрда маалымат КР Башкы прокуратурасына жана Ош облусунун Кара-Суу АШКсынын  ЫЧКТына жөнөтүлдү. Териштирүү башталды.

КР БШК маалымат бөлүмү