Чолпон-Ата шаарындагы "Биримдик" партиясынын рекламасы боюнча иликтөө башталды

Чолпон-Ата шаарындагы "Биримдик" партиясынын рекламасы боюнча иликтөө башталды  
КР БШКсынын ыкчам чара көрүү боюнча координациялык тобу 24kg сайтына чыккан Чолпон-Ата шаарынын ипподромунун дубалындагы "Биримдик" саясый партиясынын рекламасы тууралуу маалыматты иликтеп чыккан. 
Шайлоо мыйзамдарынын бузулушунун фактылары боюнча БШК мүчөсү Г. Журабаева түшүндүрмө берди. 
2020-жылдын 24-августунда маалымат ИИМге жөнөтүлүп, иликтөө башталды. КР БШК Маалыматтык бөлүмү