ЫАККТ маалымдайт: Үй комитетинин башчысынын үйдүн жашоочуларына кайрылуусу боюнча тергөө иштери башталды

2021-жылдын 6-апрелинде Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын ыкчам аракет кылуу боюнча координациялык тобуна Фейсбукта 9-кичи райондо №3- үйдүн үй комитетинин башчысы Жамиля аттуу аял жашоочулардын Ватсап тобу аркылуу кайрылып чатырды оңдоо үчүн акча жыйноо керектигин жана мэрия тараптан биргелешкен каржылоо үчүн шааркеңештин депутаты тарабынан колдоо керектигин айтканы боюнча Б.Макембаеванын постун талкуулап жатканы боюнча кабар түшкөн. Андан ары үй комитетинин башчысы Бишкек шаардык кеңешинин азыркы депутаты Шин С.Р менен макулдашууга жетишкендигин, ал мэрияда жашоочулардын кызыкчылыгын колдоого макул болгонун билдирген.

Жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү болгон аталган үйдүн жашоочуларына кайрылган үй башчысы, шайлоо күнү шаардык кеңештин депутаттарынан “Эмгек” саясий партиясына добуш берүүсүн өтүнөт, алардын тизмесинде аталган депутат С. Шин дагы бар экенин айтат. Бул боюнча маалымат КР ИИМне, Башкы прокуратурага, Бишкек АШКнын ЫАККТна жөнөтүлдү. ЫАККТ БШК КР

Кыска номер – 1255

 

WhatsApp – 0990 02-12-55

 

Ишеним телефону – 0312 62-62-46

 

Коомдук кабылдама – 0312 66-02-40

Электрондук дарек– kgor_cec@shailoo.gov.kg