ЫАККТ билдирет: Фейсбук баракчадагы маалымат боюнча иликтөө башталды

28-декабрда КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясынын ыкчам аракет кылуучу координациялык тобунун (ЫАККТ) WhatsApp номерине "Жалпы иш" коомдук фондунан маалымат түшүп, анда Фейсбук колдонуучусу, КР Финансы министрлигинин Кочкор райондук башкармалыгынын кызматкери У. Кармышовдун баракчасында 2020-жылдын 27-декабрында саат 16:00дө Нарын облусунун Кочкор районунда КР Президенти кызматына талапкер С. Жапаров менен аталган аймактын жашоочуларынын жолугушуусу болору жана ага келип катышуу боюнча маалымат жарыяланган.  28.12.2020-жылы бул тууралуу КР ИИМине, Башкы прокуратурага, Кочкор АШКна билдирилди.

ЫАККТ БШК

Кыска номер - 1255

WhatsApp - 0990 02-12-55

Ишеним телефону - 0312 62-62-46

Коомдук кабылдама - 0312 66-02-40

Электрондук дарек - kgor_cec@shailoo.gov.kg