ЫАККТ маалымдайт: Аламүдүн айылынын тургунунун арызы боюнча тергөө иштери башталды

2021-жылдын 9-апрелинде Аламүдүн айылында жашаган А.Дүйшеналиевден Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын ыкчам аракет кылуу боюнча координациялык тобуна арыз келип түшкөн. Көрсөтүлгөн айылдын 4 округунда жашаган тургундардын арасында “Тарыхый тандоо” гезитинин кезектеги саны Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө эскертменин кошумча тиркемеси жана бюллетендеги сандары менен жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмеси менен бирге таратылган. Аталган фактыларды текшерүү үчүн маалымат Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине,  Аламүдүн АШКнын ЫАККТна жөнөтүлдү.

 ЫАККТ БШК КР

Кыска номер – 1255

WhatsApp – 0990 02-12-55

Ишеним телефону – 0312 62-62-46

Коомдук кабылдама – 0312 66-02-40

Электрондук дарек– kgor_cec@shailoo.gov.kg