ЫАККТ билдирет: байкоочулардан түшкөн маалымат боюнча иликтөө башталды

2021-жылдын 9-январында КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясынын ыкчам аракет кылуучу координациялык тобунун (ЫАККТ) WhatsApp номерине "Таза Шайлоо" ассоциациясынын байкоочулары Э. Икрамовдон, А. Нурбековдон, Т. Атабаевден, Н. Маликовдон маалымат түшүп, анда №5269, 5270, 5268 УШКлар мөөр үчүн кара сыя колдонуп, ошону менен документтерге басып жаткандыгын билдиришкен. 09.01.21-жылы бул тууралуу КР ИИМине, Башкы прокуратурага, Ош шаарынын ЫАККТ АШКна билдирилди.

ЫАККТ БШК

Кыска номер - 1255
WhatsApp - 0990 02-12-55
Ишеним телефону - 0312 62-62-46
Коомдук кабылдама - 0312 66-02-40
Электрондук дарек - kgor_cec@shailoo.gov.kg