-

2021-жылдын 2-январында КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясынын ыкчам аракет кылуучу координациялык тобунун (ЫАККТ) WhatsApp номерине "Жалпы иш" коомдук фондунан маалымат түшүп, анда Ош облусунун Кара-Суу районундагы Киров айылында спорттук келбеттүү адам үйлөрдү кыдырып, эгер КР Президенти кызматына талапкер С. Жапаров шайлоодон көпчүлүк добуш алып өтпөй турган болсо, физикалык күч колдоно тургандыгын айтып коркутуп жүргөндүгү тууралуу айтылган. 

02.01.21-жылы бул тууралуу КР ИИМине, Башкы прокуратурага, Кара-Суу АШКна билдирилди.

ЫАККТ БШК

Кыска номер - 1255

WhatsApp - 0990 02-12-55

Ишеним телефону - 0312 62-62-46

Коомдук кабылдама - 0312 66-02-40

Электрондук дарек - kgor_cec@shailoo.gov.kg