ЫЧКТ маалымдайт: Кызматтан бошотууга мажбурлоо жөнүндө алынган маалымат боюнча тергөө башталды

2021-жылдын 15-мартында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын ыкчам аракет кылуу боюнча координациялык тобуна Ош АШКсына ушул жылдын 16-февралында жаран А.Жээнбековдон арыз түшкөндүгү жөнүндө маалымат келип түшкөн. Ош шаарынын мэриясынын аппаратынын башчысы Ж.Осмонов аны "Улуттар Биримдиги" саясий партиясынан талапкер катары алдыдагы шайлоого катышкандыгы үчүн арыз жазууга жана кызматынан кетүүгө мажбурлаган.

Бул маалымат Ош АШКна, Ош шаардык прокуратурасына жиберилди.

ЫАККТ БШК

Кыска номер – 1255

WhatsApp – 0990 02-12-55

Ишеним телефону – 0312 62-62-46

Коомдук кабылдама – 0312 66-02-40

Электрондук адрес – kgor_cec@shailoo.gov.kg