ЫАККТ билдирет: түшкөн маалымат боюнча иликтөө башталды

28-декабрда КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясынын ыкчам аракет кылуучу координациялык тобунун (ЫАККТ) WhatsApp номерине "Жалпы иш" коомдук фондунан маалымат түшүп, анда Араван районундагы "Мөл булак" микрокредиттик компаниясынын кредиттик эксперттери шайлоочулар арасында эгер КР Президенти кызматына талапкер Б. Толбаевге добуш беришсе, кредиттердин үч айлык үстөгү "Мөл булак" микрокредиттик компаниясы тарабынан жоюла тургандыгын билдирген маалымат таратып жатышкандыгы айтылат. 28.12.2020-жылы бул тууралуу КР ИИМине, Араван АШКна билдирилди.

ЫАККТ БШК Кыска номер - 1255
WhatsApp - 0990 02-12-55
Ишеним телефону - 0312 62-62-46
Коомдук кабылдама - 0312 66-02-40
Электрондук дарек - kgor_cec@shailoo.gov.kg