№47-орто мектепке жарандарды ташып келүү боюнча иликтөө башталды

№47-орто мектепке жарандарды ташып келүү боюнча иликтөө башталды 
КР БШКсынын ыкчам чара көрүү боюнча координациялык тобу Кактус Медиа Интернет-ресурсундагы №47-орто мектепке жарандарды ташып келүү боюнча маалыматты иликтеп чыкты. 
Маалыматта Целинная-Шота Руставели көчөлөрүнүн жергиликтүү жашоочуларынын айтканына караганда 2020-жылдын 19-августунан 21-августуна чейин, кичине автобустар менен №47-мектепке жарандарды ташып келип жатышкан. 
Бул мектепте №1047-шайлоо участогу жайгашкан. 2020-жылдын 22-августунда маалымат ИИМге жөнөтүлдү. 
Иликтөө башталды. 
КР БШК Маалыматтык бөлүмү