ЫЧКТ билдирет: Транспорттук кызмат көрсөтүү боюнча иликтөө башталды

  

2021-жылы 5-январында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Ыкчам аракеттенүүчү координациялык тобунун  WhatsApp номерине “Жалпы иш” коомдук фондунун юристи А.А.Турдумамбетовадан 2020-жылдын 30-декабрында “Токмок ПАТА” ААКнын автоунаалары Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер С.Н.Жапаров менен жолугушууга элдерди жеткиришкен (ташуу) деп көрсөткөн. “Жалпы иш” коомдук фонду маалымат сурайт: Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер С.Н.Жапаровдун каржы маселелр боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн жана “Токмок ПАТА” ААКсынын транспорттук кызмат көрсөтүү(жеткирүү жана алып баруу) боюнча келишими барбы.     
Маалымат ИИМ жана Башкы прокуратурага жиберилди.

06.01.2021 ж. бул маалымат Чүй областык ШИИБсынын каттоо Журналында катталган.  № 02-073-2021-0000121.
 
ЫЧКТ БШК
Кыска номери – 1255
WhatsApp – 0990 02-12-55
Ишеним телефону – 0312 62-62-46

Коомдук кабылдама – 0312 66-02-40

Электрондук дарегиkgor_cec@shailoo.gov.kg