ЫАККТ билдирет: Куршаб айылынын мугалимдеринин кайрылуусу боюнча иликтөө башталды

2020-жылдын 22-декабрында КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын ыкчам аракет кылуучу координациялык тобуна (ЫАККТ), «bezpredelkg» сайтына Куршаб айылынын мугалимдеринин КР Президенти кызматына талапкер С. Жапаровго кайрылуусу жарыялангандыгы боюнча маалымат түшкөн. Кайрылууда 18-декабрда Куршаб айыл өкмөтүнүн башчысынын көрсөтмөсү менен мугалимдерди жана тарбиячыларды Өзгөн шаарына КР Президенттигине талапкер С. Жапаров менен жолугушууга өз эсебинен барууга мажбурлашкандыгы айтылат. Андан ары кайрылууда Куршаб айыл өкмөтүнүн башчысы Алтынбек Ташиев КР Жогорку Кеңешине депутаттарды шайлоо убагында "Мекеним Кыргызстан" саясый партиясынын курамында болгону келтирилет.  Бул кайрылууга түшүндүрмөдө жарандар бул көрүнүшкө укук коргоо органдарынын баа беришин талап кылышат. 22.12.2020-жылы бул тууралуу КР Башкы прокуратурасына, КР ИИМине маалымат жеткирилди.

ЫАККТ БШК   

Кыска номер - 1255

WhatsApp - 0990-02-12-55

Ишеним телефону - 0312 62-62-46

Коомдук кабылдама - 0312 66-02-40

Электрондук дарек - kgor_cec@shailoo.gov.kg