ЫЧКТ маалымдайт: Жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкердин арызы боюнча тергөө иштери башталды

2021-жылдын 30-мартында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын ыкчам аракет кылуу боюнча координациялык тобу Кара-Суу районунун Нариман айылында жашаган, депутаттыкка талапкер М.Садыковдон маалымат алды. WhatsApp тобуна 2021-жылдын 24-мартында айылдык кеңештин төрагасы Н.Хосиловдун жана жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкерлердин жетекчилиги астында Нурдор участкасында жергиликтүү фельдшердик-акушердик станциясынын (ФАП) курулушу жана оңдоо иштери жүргүзүлүп жатат деген билдирүү жөнөтүлгөн.

М.Садыков депутаттыкка көрсөтүлгөн талапкерлери: Нурматов Равшан., Нуманов А., Кузбаев А., Паттахунова З. жана айыл өкмөтүнүн башчысы Хосилов Н.нын жетекчилиги жана кварталдык комитеттердин төрагаларынын катышуусу астында жүргүзүлүп жатат деп эсептейт.

Бул аймактын жашоочулары бул талапкерлер айыл өкмөт башчысы Хосиловдун командасына кирет жана келечекте анын буйруктарын аткарат деп ишенишет.

Маалымат Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине, Кара-Суу АШКнын ЫАККТна жөнөтүлдү.

ЫАККТ БШК

Кыска номер – 1255

WhatsApp – 0990 02-12-55

Ишеним телефону – 0312 62-62-46

Коомдук кабылдама – 0312 66-02-40

Электрондук дарек – kgor_cec@shailoo.gov.kg