№1046 шайлоо комиссиясынын участогунда массалык каттоо тууралуу изилдөө башталды

БШК мүчөсү А. Абдрахматова 2020-жылдын 5-сентябрында КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын алдындагы ыкчам аракет кылуучу координациялык тобуна  Facebook айдыңында Бишкектеги №1046- шайлоо комиссиясынын участогунда Ф 2 боюнча шайлоочулардын массалык катталуусу жүрүп жаткандыгы боюнча видеоматериал талкууланып жаткандыгын билдирген. 
1000 сом сый акы үчүн шайлоочулар саясый партиялардын үгүтчүлөрүнө өз паспортторун тапшырып, өздөрү көрсөтүлгөн Ф 2 формасын толтуруп жатышкандыгы айтылган. 
Белгилей кетчү нерсе, көрсөтүлгөн документтерди эки жаш жигит жана жаш кыз толтуруп жатышкандыгы айтылган. Эгер кол тамга боюнча №1046-шайлоо комиссиясынын участогунда экспертиза өткөрүлсө, шайлоо мыйзамын бузгандыгы (шайлоо документтерин жасалма жасоо) аныкталышы мүмкүн. 
Социалдык тармакта жарыяланган материал КР ИИМине жиберилди, КР Кылмыш кодексинин 192-беренеси (шайлоочуларды сатып алуу) боюнча иликтөө башталды. 
КР БШК Маалыматтык бөлүм