ЫЧКТ: Жолугушуу жөнүндө баракчалар жарыяланганы боюнча иликтөө башталды

2021-жылы 6-январында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Ыкчам аракеттенүүчү координациялык тобунун Whatsapp номерине Бишкек шаарынын Ленин районунун аймагында 2021-жылдын 8-январында 14.30да эски аянтта Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер С.Н.Жапаров менен жолугушуу болот деген баракчалар илингени боюнча маалымат келип түшкөн.

Баракчанын жогору жагында райондун тургундарын жолугушуу жайга жана кайрадан жашаган жерине авто менен ташуу уюштурулаары кол тамгалар менен жазылган.

Бишкек шаардык Ленин районунун тургундарын жолугушуу жайга ташуу маселеси боюнча байланышуу үчүн жолугушууну уюштуруучулардын байланыш телефондору жана дареги көрсөтүлгөн.

 

07.01.2021. Маалымат ИИМге жана Башкы прокуратурага жиберилген.

ЫЧКТ БШК

Кыска номери – 1255

WhatsApp – 0990 02-12-55

Ишеним телефону – 0312 62-62-46

Коомдук кабылдама – 0312 66-02-40

Электрондук дарегиkgor_cec@shailoo.gov.kg