ЫАККТ билдирет: Инстаграмдагы маалымат боюнча иликтөө башталды

2020-жылдын 21-декабрында КР БШКнын ыкчам аракет кылуучу координациялык тобуна (ЫАККТ) Инстаграмда КР Жогорку Кеңешинин депутаты Ирина Карамушкинанын маалыматы талкууланып жаткандыгы тууралуу кабар түшкөн. Ал соцтармакка Оштогу достору менен кат алышууну берип, "Тааныштарым шайлоодо Мадумаровго иштегенди каалашты эле. Бирок участкалык милиционер келип эскертүү берип кетти. Эми алар эч кимге иштебей калышты. Активисттерди адегенде участокко алып барышып, аңгемелешүү өткөрүп, коркутуп жатышат. Биздикилер коркуп кетип калышууда...". Октябрдагы парламенттик шайлоодо да кысым көрсөтүштү эле, президенттик шайлоодо да ошондой кылып жатышат", - деп бүтүм чыгарат И. Карамушкина. Комментарийлерде Жогорку Кеңештин депутаты И. Каарамушкина көрсөткөн фактыларды текшерүүнү суранышат. 21. 2. 2020-жылы КР Башкы прокуратурасына, КР ИИМне бул тууралуу кабар берилди.

ЫАККТ КР БШК

БШК ЫАККТ кыска номери - 1255

WhatsApp - 0990-02-12-55

Ишеним телефону - 0312 62-62-46 Коомдук кабылдама - 0312 66-02-40.

Электрондук дарек: kgor_cec@shailoo.gov.kg