Мамлекеттик обьектиде илинген жарнама боюнча иликтөө башталды

КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын ыкчам аракет кылуучу координациялык тобуна Facebookто жарандык активист А. Аттокуров "Мекеним Кыргызстан" партиясы электр берүү линиясынын устунуна партиянын логотиби менен плакатын илип салгандыгын көрсөткөн маалымат түшкөн. Бул факт мыйзам бузууга жатат, анткени партиялар өз плакаттары үчүн мамлекеттик обьектилерди колдоно алышпайт. 23-сентябрда бул маалымат КР ИИМине жиберилип, иликтөө башталды.

КР БШК Маалыматтык бөлүмү