ЫАККТ билдирет: Социалдык тармактарда талкууланган маалымат боюнча тергөө иштери башталды

2021-жылдын 7-апрелинде, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын ыкчам аракет кылуу боюнча координациялык тобу социалдык тармактарда үй ээлеринин ассоциациясы “Ак нан” тобунун WhatsApp кат алышуусу талкууланып жаткандыгы жөнүндө маалымат алды. Анда абонент, балким, "Ак нан" үй ээлеринин ассоциациясынын башчысы болушу мүмкүн, жакын арада үйдөгү жылытуу бөлүгүнүн иштешин нормалдаштыруу үчүн, насос кыймылдаткычын алып келип орнотушат жана дарбаза иштей баштайт деп айткан.  

Мындан тышкары, ал ушул ТСЖ тургундарына шаардык кеңештин депутаттары шайлангандан кийин короону жабдууну жана балдар аянтчасын кеңейтүүнү убада кылган бир партия менен келишим түзгөндүгүн, ошондуктан ТСЖнын жашоочуларына “Эмгек” партиясы үчүн добуш берүүнү суранып кайрылгандыгын билдирди.

Маалымат Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине, ЫАККТ Бишкек АШКга жөнөтүлдү.

ЫАККТ БШК

Кыска номер – 1255

WhatsApp – 0990 02-12-55

Ишеним телефону – 0312 62-62-46

Коомдук кабылдама – 0312 66-02-40

Электрондук дарек – kgor_cec@shailoo.gov.kg