ЫАКТ билдирет: Көрмө камераларды орнотуу жөнүндө маалымат боюнча териштирүү башталды

2020-жылы 25-сентябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Ыкчам аракеттенүүчү координациялык тобуна Бишкек ш. жашаган КР жараны Жылдыз Сакишова WhatsUppтан кайрылып, эки жума мурда алардын үйүнө «Кыргызстан» саясий партиясынан көрмө камералар орнотулганы жөнүндө билдиргендиги тууралу маалымат келип түшкөн. “Үйдүн аймагына көрмө камераларды ким орнотту, үйдүн тургундарынын арасында чогулуш эмне себептен болгон жок?” деген суроолорго үй комитетинин башчысы көрмө камераларды «Кыргызстан» саясий партиясы орнотконун белгиледи. Камераларды орнотуу жөнүндө макулдук үйдүн тургундарынын тизмеси менен ырасталган. Ж. Сакишева көрмө камералар мыйзамсыз орнотулган деп эсептейт.

Ж. Сакишева «Кыргызстан» партиясынын шайлоочуларды сатып алуу боюнча иши аны тынчсыздандырганын билдирди.

2020-жылы 25-сентябрда маалымат КР ИИМге жөнөтүлдү. Териштирүү башталды.

КР БШК маалымат бөлүмү