ЫАКТ билдирет: Каракол шаарындагы кичи райондун тургундары үчүн сый тамак жөнүндө маалымат боюнча териштирүү башталды

2020-жылы 23-сентябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Ыкчам аракеттенүүчү координациялык тобуна социалдык тармактарда Ысык-Көл облусунун Каракол шаарынын кичи райондорунун биринин тургундары үчүн «Кыргызстан» саясий партиясы уюштурган кайрымдуулук акциясынан көрмө, фото материалдар талкууланып жатканы тууралу маалымат келип түштү.

Жарандар, желегинде «Кыргызстан» партиясынын логотиби бар, партиянын жилет формасын кийген агитаторлор тамак-аш коюлган столго басып келатканы, аларга сый-тамак берилгени көрмөдө көрүнүп турат. Столдун тегерегинде негизинен райондун улуу муундагы өкүлдөрү отурушат. Өтүп жаткан окуя көрмөгө, фотого тартылууда.

Автомашинада №09 кж 370 АСЕ маалыматтары фотодо даана көрүнүп турат.

2020-жылы 25-сентябрда маалымат КР ИИМге жөнөтүлдү. Териштирүү башталды.

КР БШК маалымат бөлүмү