ЫЧКТ билдирет: Үгүт өткөрүп жаткан мугалимдер жөнүндө маалымат боюнча иликтөө башталды

2021-жылдын 16-мартында КР БШКнын Ыкчам аракет кылуучу координациялык тобуна “Арча-Бешик” конушунун жашоочусу Гүлмира кайрылып, №93-орто мектептин мугалимдери Он-Арча, Бердибаев көчөлөрүндөгү үйлөрдү кыдырып “Эмгек” саясий партиясынан талапкер Р. Жакишов үчүн үгүттөп жүрүшкөнүн билдирген. Мындан тышкары Гүлмира агитация ата-энелер балдарын мектепке алып келип жатышканда өтүп жатканын да айткан.

16.03.2021-ж бул маалымат ИИМ Башкы прокуратурага жиберилди.

ЫАККТ БШК

Кыска номери – 1255

WhatsApp – 0990 02-12-55

Ишеним телефону – 0312 62-62-46

Коомдук кабылдама – 0312 66-02-40

Электрондук дарек – kgor_cec@shailoo.gov.kg