ЫАКТ билдирет: Балдар аянтчасынын курулушу жөнүндө маалымат боюнча териштирүү башталды

2020-жылы 25-сентябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Ыкчам аракеттенүүчү координациялык тобуна «Кактус-Медиа» интернет сайтына Бишкек шаарындагы Көлбаев көчөсүндө «Мекеним Кыргызстан» партиясынан депутаттыкка талапкер Сакиев Рустам үчүн үгүт жүргүзүлүп, шайлоочулар добуштарын беришсе, балдар аянтчасын куруп берүүгө убада берип жатышканы жөнүндө макала жарыялангандыгы тууралу маалымат келип түштү.

Агитаторлор Р. Сакиев тууралу ал «Түндүкэлектр» ишканасында иштээрин, эгерде бул райондун тургундары «Мекеним Кыргызстан» партиясына добуш беришсе, короого жарык киргизип берээрин билдиришти. Мында агитаторлор балдар аянтчасын тез арада куруу жана шайлоочулардын башка өтүнүчтөрүнүн тез арада аткарылышы үчүн эң негизгиси «Мекеним Кыргызстан» партиясына добуш берүүгө даяр адамдардын тизмесин даярдоо керек экендигин белгилешкен.

Ошону менен бирге Р. Сакиевдин агитаторлору курулушту баштоонун так мөөнөтүн – 2020-жылдын 25-сентябрын жана талабын – тизмени даярдоону айтышкан.

2020-жылы 25-сентябрда маалымат КР ИИМге жөнөтүлдү. Териштирүү башталды.

КР БШК маалымат бөлүмү