ЫЧКТ маалымдайт: Пенсионерлердин паспорттук маалыматтарын чогултуу жана каттоо боюнча тергөө иштери башталды

2021-жылдын 27-мартында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын ыкчам аракет кылуу боюнча координациялык тобуна, "Kaktus.media" сайтынын журналисти Д.Юсупованын Бишкек шаарынын "Таатан" соода борборунун аймагында жашаган тургундарга үгүт материалдарын таркатуу учурунда пенсионерлер жөнүндө маалыматка кызыккандыгын жана алардын маалыматтарын жазып алууга "Ак Бата" саясий партиясынын өкүлдөрү кайрылганы талкууланып жатканы белгилүү болгон. Кандай максат менен карылар жөнүндө маалымат топтолгонун сураганда, “Ак Бата” саясий партиясынын өкүлдөрү бул категориядагы жашоочуларга материалдык жардам көрсөтүлөт деп жооп берген.

Мындан тышкары, “Ата Журт Кыргызстан” саясий партиясынын агитаторлору дагы көп кабаттуу үйлөрдүн жашоочуларына кайрылып, ушул партияга добуш берүүгө даяр болгондордун тизмесине катталуу үчүн алардын ИННин берүүнү суранышканы айтылды. "Алар акча сунушташкан жок, бирок алар каалаган учурда паспорттук маалыматтарды чогултууга даяр", - дешти бишкектиктер.

Маалымат Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине, Бишкек АШКнын ЫАККТна жөнөтүлдү.

ЫАККТ БШК КР

Кыска номер – 1255

WhatsApp – 0990 02-12-55

Ишеним телефону – 0312 62-62-46

Коомдук кабылдама – 0312 66-02-40

Электрондук дарек – kgor_cec@shailoo.gov.kg