ЫЧКТ билдирет: Жалган маалыматтарды таратуу боюнча териштирүү башталды

2021-жылы 20-мартта Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Ыкчам чара көрүүчү координациялык тобуна Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарынын мэри, «Замандаш» саясий партиясынан шаардык кеңештин депутаттыгына талапкер И.М. Еркеев кызмат абалынан кыянат пайдаланып, «Ыйман-Нуру» саясий партиясынан Кара-Көл шаардык кеңештин депутаттыгына талапкер А. Р.Мамытовдун ар-намысын, кадыр-баркын жана иш беделин жаманатты кылган маалыматтарды ЖМК аркылуу тараткандыгы тууралуу маалымат түштү.

Маалымат Кара-Көл АШКнын ЫЧКТына өткөрүп берилди.

ЫАККТ БШК

Кыска номер – 1255

WhatsApp – 0990 02-12-55

Ишеним телефону – 0312 62-62-46

Коомдук кабылдама – 0312 66-02-40

Электрондук – kgor_cec@shailoo.gov.kg