Сый акы катары акча алуу боюнча иликтөө башталды

КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын ыкчам аракет кылуучу координациялык тобуна WhatsAppтан Ак-Өргө конушунда жашаган Нуржан Малик кызы кайрылгандыгы боюнча маалымат түшкөн. Ал бул конушта жашагандарга "Бир Бол" саясый партиясы агитация өткөрүп, 2000 сомдон тараткандыгын билдирген. Нуржан Малик кызы башкалар сыяктуу эле агитаторлордон айтылган сумманы алып алардын суранычы боюнча биометрикалык каттоодон жана Форма 2 боюнча да каттоодон өткөн.

Акыркы кезде "Бир Бол" партиясынын агитаторлору күндө анын үйүнө келишип, телефон чалышып, шайлоодо "Бир Болго" добуш бер деп ага кысым көрсөтүп жатышкандыгына байланыштуу ал өз добушун башка партияга берүүнү чечкен. Бирок "Бир Бол" партиясынын агитаторлору аны коркутуп, эгер ал алардын партиясына добуш бербесе анда партияга 10 миң сом төлөй тургандыгын айтышкан.  Эгер Нуржан Малик кызы милицияга кайрылса мыйзам боюнча сый акы алгандыгы боюнча да жоопкер болот. 25-сентябрда бул маалымат КР ИИМине жиберилди, иликтөө башталды.

КР БШК Маалыматтык бөлүмү