Координациялык топ билдирет

КР БШКнын ыкчам аракет кылуучу координациялык тобу 2020-жылдын 30-августунда Facebook социалдык тармагынын “Коррупцияга каршы саясат” бөлүмүндө “Кыргызстандын патриоту” деп аталган булак жайгаштырган, Нарын облусунун Чет Нура айыл өкмөтүндө болуп өткөн окуялардын видеосу, сүрөтү жана комментарийлери менен таанышып чыкты.

Видеонун автору “Биримдик” партиясынан талапкер Улан Бакасов Чет Нура айыл өкмөтүнүн башчысы Азамат Мүсүркановду  сатып алгандагын, ошондой эле кайсы бир партия үчүн алдыдагы шайлоодо добуш берүүгө кол жыйнап жаткандыгын билдирген.

КР БШК координациялык тобу бул маалыматты ИИМге жиберди, иликтөө башталды.

КР БШК Маалыматтык бөлүмү